Телефон тиктегендерге жол салынды

Телефон тиктегендерге жол салынды
9-Июнь 2018, Ишемби, 15:17

Кытайдын түндүгүндөгү Шиан шаарында акылдуу смартфон тиктегендер үчүн өзүнчө жол салынды.

“Шаанси” аттуу Интернет сайтындагы кабарга ылайык Шиан шаарындагы Янта жолунда телефондорун карап, айланасындагыларды эске албагандарга өтмөк салынды.

Кызыл, жашыл жана көк түстөргө боелгон өтмөктүн жазысы 80 сантиметр. Узуну 100 метр. Ал башка жолдордон сматртфондордун сүрөтү тартылганы менен айырмаланат.

"The Paper” сайты бул үчүн шаар тургундары ыраазычылыктарын билдирип жатканын жазган.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!