Газ түтүгүндө жарылуу: 24 жарадар

Газ түтүгүндө жарылуу: 24 жарадар
11-Июнь 2018, Дүйшөмбү, 12:54

Кытайдын түштүк-батышындагы Гуйчжоу провинциясында жаратылыш газ куурундагы жарылууда 24 адам жаракат алды. “CCTV” телеканалындагы кабарга караганда кырсык “China National Petroleum Corp” компаниясы иштеткен газ тармагында жылчыктан улам келип чыккан.

Жарат алган 24 адам ооруканага жеткирилди. Жарылуудан кийин автоматташтырылган коопсуздук системасы түтүктөр тармагын дароо жапкан.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!