Тарыхый сүйлөшүүнүн чыгымы 20 миллион доллар

Тарыхый сүйлөшүүнүн чыгымы 20 миллион доллар
11-Июнь 2018, Дүйшөмбү, 13:56

АКШнын президенти Дональд Трамп менен Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ындын 12-июнда Сингапурда өтө турган жолугушуусу бул мамлекетке 20 миллион доллар чыгым алып келет.

“Strait Times” гезитиндеги кабарга ылайык Сингапурдун премьер-министри Ли Сяньлун жолугушуу өлкө бюджетине 20 миллион доллар чыгым алып келерин айтты. Ошондой эле өкмөт башчы тынчтык орнотууга салым кошо турган каражатты көтөрүүгө даяр экендигин кошумчалады.

Сингапурдун имиджин жакшыртат

Саммит Сингапурдун имиджине олуттуу салымы болорун баса белгилеген Ли Сяньлун “Бул жолугушууну өткөрүүгө бизди тандашты. Биз мындайды талап кылган эмеспиз. Алар сураганда макул болдук. Бул Сингапурдун бардык тараптар менен жакшы мамилесин, эл аралык коомчулукта сыйга ээ экенин көрсөтүп турат”,-деген.

Өзөктүк куралдардан арылуу жана коопсуздук темалары талкуулана турган иш-чара 1950-53-жылдардагы Корея согушунан бери уланып келген ок атышууну токтотуу режиминин толугу менен тынчтыкка айлануусуна шарт түзгөн сүйлөшүү болору күтүлүүдө.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!