Велосипедчен министр жыгылып, жарат алды

Велосипедчен министр жыгылып, жарат алды
11-Июнь 2018, Дүйшөмбү, 14:51

Швейцариянын Каржы министри Ули Маурер 8-июнда жумушуна велосипед менен бара жатып, тең салмагын жоготуп жыгылган.

Бети, денеси сыйрылганына карбастан түз эле иш ордуна барган. Бир аздан кийин башка иштерге байланыштуу телеканалдардын бирине чыгууга аргасыз болгон. Анда кандайча жарат алганын да айтууга туура келген.

65 чакырым жол басат

Жайкы үйүнөн ишке велосипед менен 65 чакырым жол баскан Маурер Швейцариянын борбору Бернге күндөгүдөй эле велосипед менен бара жаткан. Ал жол боюндагы нейлон баштыктардын үймөгүнөн буйтап жатып тең салмагын жоготкон. Ули Маурер жолдо 70 чакырым тездик менен бара жатып кырсыкка кабылганын белгилеген.

Швейцарияда 7 министрлик бар. Андагы жетекчилердин көбү трамвай жана поезддер менен ишке келет. Айрымдары эч кандай коргоочусу жок, өздөрү велосипед менен келишет.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!