Путин Кытайдын президентине мончо белек кылды

Путин Кытайдын президентине мончо белек кылды
11-Июнь 2018, Дүйшөмбү, 16:16

Пекинге мамлекеттик иш сапар менен барган Владимир Путин Кытайдын президенти Си Цзиньпинге орус мончосун белек кылды.

Тяньцзинь шаарын зыярат кылган Путин ал жактагы тактайларды көрсөтүп, белек кылына турган мончо булардан даярдаларын айтты. Андан соң Путин айрым сүрөттөрдү көрсөтүп, мончо даяр болгондон кийинки көрүнүшү тууралуу айтты.

Кытай лидери күлүп, “мага аз гана бөлүгүн” деп жооп берди.

Си “Кайда жайгаштырарымды жакшылап ойлонушум керек. Бул теңдешсиз үй, абдан ыраазымын”,-деди.

Путин кытайлык досуна 2016-жылы бир куту орус бал муздагын белек кылган эле.

Орус мончосу кандай?

Эл арасында буу же жөнөкөй эле мончо болуп экиге бөлүнөт. Орус мончосу кылымдар бою Россия, Украинада жашоонун бир бөлүгү болуп келет. Падышалардан жөнөкөй жарандарга чейин тарыхтар бою мончону жууну үчүн гана эмес, бир нече диний жөрөлгөлөрдү өткөрүү, оорулардан айыгуу үчүн пайдаланышкан.

Орус мончосунун өзгөчөлүгү ным атмосферадагы нымдын өлчөмү менен жакындыгында. Ага жуунгандар өзүн 10 жылга жаш сезип, териси баланыкындай жумшак жана серпилгич болгонун сезет.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!