Иванка Трамп администрацияда бекер иштейт

30-Март 2017, Бейшемби

Дональд Трамптын кызы Иванка АКШнын президентинин администрациясында иштегени калды. Ал өлкө башчысынын кеңешчилик кызматын аркалайт.

Бул орунга айлык акы каралган эмес. Иванка иши формалдуу мүнөздө болбосо да башка мамлекеттик кызматкерлер сыяктуу эрежелерди сактаарын айтты.

Иванка атасына кеңешчи болоору 20-мартта эле белгилүү болгон. Америкалык маалымат каражаттары президенттин кызына Ак сарайдан иш бөлмөсү берилээрин, жашыруун маалыматтарды алууга укугу болоорун буга чейин жазып чыгышкан.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!