АКШ жана Түндүк Кореянын лидерлери жолугушту

АКШ жана Түндүк Кореянын лидерлери жолугушту
12-Июнь 2018, Шейшемби, 12:52

Сингапурдун Сентос аралында АКШнын президенти Дональд Трамп жана Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ындын жолугушуусу өттү.

Эки тараптуу сүйлөшүү 40 мүнөткө созулду. Ага өлкө башчыларынан сырткары котормочулар катышты. Трамп Ким Чен Ын менен “жекеме жеке” жолугушуу абдан жакшы өткөнүн, алардын ортосунда мамиле мыкты деңгээлде экендигин айтты.

Трамп жана Ын бири-биринин колун кысып, бир нече сөздөрдү айтышты.

“Мен үчүн бул сыймык. Бизде жакшы мамиле түзүлөрүнө ишенем”,- деди Трамп. Ал эми Ким Чен Ын бул чекке жетүү оңойго турбаганын, тоскоолдуктар болгонун, ага карабастан аракеттер жасалганын белгиледи.

Андан соң болгон кеңири форматтагы сүйлөшүүлөргө Мамлекеттик катчы Майкл Помпео, Ак үйдүн аппарат башчысы Жон Келли жана президенттин Улуттук коопсуздук боюнча кеңешчиси Жон Болтон катышты.

Ким жергиликтүү саат 14:00дө Сингапурдан кетет. Андан улам эки тараптуу сүйлөшүүлөргө байланыштуу жагдайларды кыска мөөнөттө билүү мүмкүн эместей көрүнөт.

АКШ Түндүк Кореядан өзөктүк куралдарды жок кылууну талап кылууда. Бул үчүн Түндүк Корея кандай талаптарды коеру тактала элек.

Ким Түндүк Корея экономикасы кайрадан курууну, башкача айтканда экономикалык эмбарголорду алып салууну каалайт.

Негизги маселе бул боюнча айтылган убадалардын аткарылып, аткарылбай тургандыгында. Анын үстүнө Сингапурдагы жолугушуудан эпке келишүү күтүлгөн жок. Трамп жолугушууда болгону тараптардын бири-биринин ойлору белгилүү болорун айткан.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!
КӨП ОКУЛГАНДАР
Асел Кадырбекова: Үй чачылганы жакпай, аябай чоң үйгө жашоону кыялданабыз
Асел Кадырбекова: Үй чачылганы жакпай, аябай чоң үйгө жашоону кыялданабыз
​УЕФАнын мурдагы президенти Мишель Платини кармалды
​УЕФАнын мурдагы президенти Мишель Платини кармалды
Америкадагы фестивалга кыргызстандык жаш таланттар катышат
Америкадагы фестивалга кыргызстандык жаш таланттар катышат
​Чемпиондор Лигасынын 2019/20 сезону 1-раунд чучу кулак кармалды
​Чемпиондор Лигасынын 2019/20 сезону 1-раунд чучу кулак кармалды
Президент: Ант – бул элдин, мыйзамдын, абийирдин алдындагы абдан чоң жоопкерчилик
Президент: Ант – бул элдин, мыйзамдын, абийирдин алдындагы абдан чоң жоопкерчилик
Назира Айтбекова: Ооздугу жок эркин учкан кушка суктанам
Назира Айтбекова: Ооздугу жок эркин учкан кушка суктанам
Бишкекте
Бишкекте "Тенгри" аттуу ачык асман алдындагы музыкалык иш-чара өтөт
Жаңы дайындалган министрлер ант беришти
Жаңы дайындалган министрлер ант беришти
Кытай инвесторлору Ысык-Көлгө туристтик база түзүү планы бар экенин айтты
Кытай инвесторлору Ысык-Көлгө туристтик база түзүү планы бар экенин айтты
Президент учкуч-космонавт Салижан Шарипов менен жолугушту
Президент учкуч-космонавт Салижан Шарипов менен жолугушту
Президент УКМКга жаңы төраганы дайындады
Президент УКМКга жаңы төраганы дайындады
Кыргызстандын спектакли алтын статуэткага ээ болду
Кыргызстандын спектакли алтын статуэткага ээ болду
Бишкек шаарында “Тилек дарагы” аттуу спектакль көргөзүлөт
Бишкек шаарында “Тилек дарагы” аттуу спектакль көргөзүлөт
Президент: Кагаз жүзүндө калбай, элдин пайдасына ишке ашырылышы керек
Президент: Кагаз жүзүндө калбай, элдин пайдасына ишке ашырылышы керек
Жалпы республикалык тестирлөөдөгү эң жогорку балл 238 болду
Жалпы республикалык тестирлөөдөгү эң жогорку балл 238 болду
Аксыда сууга түшүп кеткен 15 жаштагы  кызды издөө уланууда
Аксыда сууга түшүп кеткен 15 жаштагы кызды издөө уланууда