Милиция кызматкерлерин көчө шыпыртты

Милиция кызматкерлерин көчө шыпыртты
12-Июнь 2018, Шейшемби, 16:16

Ташкент шаарында Шайхантахур районунун Ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери шаар көчөлөрүн көрктөндүрүү иштерине тартылып жатканына нааразычылыктарын билдиришкен. Милиция кызматкерлеринин айтымында алар бир айдан бери көчө шыпырууда.

Мындай иштерге Ички иштер башкармалыгынын 40 жашка чейинки кызматкерлери тартылган. “Ар бир нөөмөттөн 30 киши болсо алардын ону тазалоо иштерине жөнөтүлөт. Булар жарандык кийимчен жана колго күрөк шыпыргы берет. Чөп жулабыз. Кимге арызданарыбызды билбейбиз”,-деген атын атагысы келбеген милиция кызматкери.
Дагы бир кызматкер 34-35 саат иштеп жатканын, араларында Орозо туткандар бар экенин кошумчалаган.
Шайхантахурда подполковник чини бар милиция шаарды көрктөндүрүүгө кесипештери эле эмес, бардык тармакта кызматкерлер тартылып жатканын айткан.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!