Түндүк Корея: Жолугушуу тууралуу эли эми билди

Түндүк Корея: Жолугушуу тууралуу эли эми билди
12-Июнь 2018, Шейшемби, 17:45

Түндүк кореялыктар өлкөлөрүнүн келечегин белгилей турган жаңылыкты элдин эң артында билишти.

Элдин көбү 11-июнда эртең менен лидери Ким Чен Ын АКШнын президенти менен жолугуу үчүн Сингапурга кеткенин билди. Пхеньян бийлиги саммит тууралуу кабарды 3 башка медиа аркылуу элге жарыялады.

Түндүк Кореяда медиа органдары убагында кабар беришпейт. Маалыматтарды алгач текшерүүдөн өткөрүп, бир нече күндөн кийин гана элге кабарлайт. Бул ирет саммитке чейин элди кабардар кылганын жакшы жылыш катары бааланууда.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!