Боб Дилан Нобель сыйлыгын алууга макул болду

30-Март 2017, Бейшемби

Америкалык музыкант Боб Дилан адабият боюнча Нобель сыйлыгын алууга жарым жылдан кийин макул болду. Ал сыйлыкка 2016-жылдын октябрь айында татыктуу деп табылган.

Швед академиясынын туруктуу катчысы Сара Даниустун айтымында Дилан медалын жана 900 миң долларлык акчалай сыйлыгын Стокгольмдо алат. Швециянын борборунда 1-2-апрелде концерт коюуну пландаган ырчы шоу программасынын ортосунда Нобель академиясынын мүчөлөрү менен жолугат.

2016-жылдын 13-октябрында америкалык музыкант Боб Дилан “Америкалык ырлардын улуу салттарында жаңы поэтикалык сезимдерди жараткандыгы үчүн” Нобель сыйлыгына татыктуу деп табылган. Комитет музыкантка жеңиши жөнүндө кабарлоону чечкени менен эч байланыша алган эмес.

Ошол мезгилдерде комитеттин чечими артистин чыгармачылыгы сыйлыкка татыктуубу же жокпу деген талаш-тартыштарды жараткан.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!