IMF: Дүйнө экономикасынын үстүндө кара булуттар бар

IMF: Дүйнө экономикасынын үстүндө кара булуттар бар
13-Июнь 2018, Шаршемби, 11:57

Эл аралык валюта фондунун президенти (IMF) Кристин Лагард дүйнөлүк экономика азырынча жакшы экендигин, бирок горизонтто кара булуттар чогулуп жатканын айтты.

IMF президенти Германиянын канцлери Ангела Меркель, Дүйнөлүк соода уюму жана Эл аралык эмгек уюмунун өкүлдөрү менен жолугушкандан кийин дагы бир жыйында сөз сүйлөдү. Анда “IMF глобалдык өсүш бул жылы жана келечекте 3,9 пайыз болорун болжолдоп жатат. Дүйнө экономикасындагы жүрүш азырынча жакшы. Бирок горизонтто кара булуттар бар”,-деди ал.

Африка мамлекеттери тездик менен өнүгүшү керектигин баса белгилеген Лагард бул мамлекеттер салык системаларын жакшыртып, өлкө булактарын көбөйтүшү керектигин баса белгиледи.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!