Ким Трамптын чакыруусуна макул болду

Ким Трамптын чакыруусуна макул болду
13-Июнь 2018, Шаршемби, 13:05

АКШнын президенти Дональд Трамп менен Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ындын Сингапурда өткөн тарыхый жолугушуусу тууралуу кептер уланууда.

Түндүк Кореянын “KCNA” мамлекеттик кабар агенттиги Трамп Ким Чен Ынды Ак сарайга чакырганын билдирди. Буга макулдугун берген Ким АКШ лидерин Пхеньянга чакырды.

Мамлекеттик медиа Корея жарым аралында тынчтык жана туруктуулук шарттары менен камсыз кылганын белгилеп, лидери Кимге мактоолорду жаадырышты. Саммит АКШ менен душмандашуунун аякташы боюнча көз караштар башкы макалаларда жазылды.

Шаршембиде Трамп да Ким менен тарыхый жолугушуу өткөргөндүгүн “Твиттер” тармагына жарыялады.

“Дүйнө болушу мүмкүн болгон өзөктүк апааттан бир кадам алыстады. Өзөктүк сыноолор жана буга байланыштуу изилдөөлөр эми болбойт. Кимге ыраазычылык!”,-деген сөздөр пайдаланылды.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!