Мамлекеттик кызматкерлер жумушка кеч келет

Мамлекеттик кызматкерлер жумушка кеч келет
14-Июнь 2018, Бейшемби, 17:29

Казакстанда мамлекеттик кызматкерлерге ыңгайлуу иш графигин түзүү боюнча пилоттук долбоор ишке ашырылат.

Мамлекеттик кызмат иштери жана паракорчулукка каршы агенттигинин жетекчиси Чингис Торегельдиндин айтымында аталган мекеменин 70 пайызы эмгек тартибин өзгөртүүнү каалап жатышат.

Биринчи кезекте алар иш күнүнүн башталышына токтолгон. Бул жаш балдары барларга, алыскы аймактардан келип иштегендердин каалоосу. Ошондой эле сурамжылоолордо түшкү тамактануу убактысын көбөйтүүнү суранышкан.

“Өзүн өнүктүрүүнү, спорт менен машыгууну, музейге барууну же жеке иштерин бүтүрүгө убакыт жетпей жатканын айтышты. Андан улам биз пилоттук режимде түшкү тыныгууну жарым саатка узарттык”,-деген Торегельдин.

Жаңы долбоорго ылайык агенттиктин кызматкерлери жумушка 9:30га келишет. Түштөнүү бир жарым саатка созулат. Үйлөрүнө 19:00дө кетишет. Мындай тартип июлдан башталат.

Бул ыкма адамдардын өзүн өстүрүүгө, жумуштагы стрессти азайтууга, кечигүү маселелерин жоюга, ишке карата жоопкерчиликти көбөйтөөрүнөн үмүттөндүрүүдө.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!