Дарыгер берген дарыны ичкен жүздөгөн пациент көз жумган

 Дарыгер берген дарыны ичкен жүздөгөн пациент көз жумган
21-Июнь 2018, Бейшемби, 12:15

Британиялык дарыгер Джейн Бартон 12 жыл бою бейтаптарга ооруну басуучу күчтүү дарыларды жазыр берип турган.

Бул пациенттердин өмүрүн кыскартуу үчүн жасалган. Бул окуя 1989-2000-жылдары орун алган. Дарыгер күчтүү дары-дарымек жазып берген пациенттердин саны 450дөен ашат. Дарыгердин курмандыктарынын саны дагы 200дөн ашышы мүмкүн.

Текшерүү жүргүзгөн көз карандысыз комиссия Джейн Бартондун 12 жыл бою берген дарысынын каршы көрсөткүчтөрүн билгенин айтты.

Бартон 1996-1999-жылдары 12 пациентти дарылаган кездеги шалаакылыгы үчүн жоопко тартылган. Бирок жумушунан чететилген эмес. Ал ушул дисциплинардык угуулардын кийин пенсияга чыгып кеткен.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!