Украина: Тимошенко саясатка кайтты

Украина: Тимошенко саясатка кайтты
21-Июнь 2018, Бейшемби, 16:29

Украинанын экс-премьер-министри Юлия Тимошенко келерки жылы март айында өтө турган президенттик шайлоодо талапкерлигин коерун айтты. Ал 2010-2014-жылдардан кийин үчүнчү ирет президенттик шайлоого катышканы турат.

57 жаштагы саясатчы өткөн аптада “Украина үчүн жаңы рота” аттуу шайлоо программасын коомчулукка жарыялады.

Юлия Тимошенко 2005-жылы жана 2007-2010-жылдар арылыгында эки ирет премьер-министрик кызматын аркалаган. 2011-жылы камалган Тимошенко 2014-жылы Киевде нааразычылк акцияларынын ийгиликтүү аяктоосу менен эркиндикке чыккан.

Украинанын өлкө башчысы Петр Порошенко 2019-жылдын март айында өтө турган президенттик шайлоого талапкерлиги тууралуу пикир билдире элек.

Коомчулукта сурамжылоолорго караганда Порошенконун эл арасында кадыры төмөндөп, Тимошенконуку көбөйүүдө.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!