Астероит Жер менен кагылышса эмне болот?

Астероит Жер менен кагылышса эмне болот?
23-Июнь 2018, Ишемби, 13:30

Илимпоздор астероит жана ага окшогон көптөгөн асман телолорун Жерге түшүрбөй кое алабы? Бул боюнча кандай чаралар көрүлүп жатат?

Бул боюнча Бириккен Улуттар уюму (БУУ) белгилеген 30-июнь эл аралык астероит күнүнүн алдында көптөгөн пикирлер айтылууда.

66 миллион жыл мурда жашаган динозаврлардын бүгүнкү күндө Венада Жаратылыш музейиндегидей эле макети калды. Аларды жок кылган нерселер метал жана таштардан турган астероит болгон.

Аталган жаратылыш музейинин мүдүрү Кристиан Көберл “66 миллион жыл мурда бир астероит Жер менен кагылышкан. 10 чакырымдык көлөмдөгү асман телосу 200 чакырымдык чуңкур пайда кылган. Андан улам асман телолорунун күчү канча экени билүүгө болот. Андан пайда болгон жарылуу жер титирөө жана абанын алмашуусуна себеп болот. Бул да жер жүзүндөгү бир топ өсүмдүктөрдү жана жаныбарлардын түрлөрүн жоголууга дуушар кылат”,-деген ал.

Европанын Космос агенттиги асмандагы майда телолорду аныктай турган “Flyeye” аттуу телескоп жасап жатат. Агенттик азыр Жерге түшүү коркунучу болгон 740 астероидге көз салып, жаңыларына байкоо салып турат.

Американын Авиация жана космос агенттиги (NASA) жана Япониянын “JAXA” Космосту изилдө агенттиги бул астероиттерге зыярат кылат. Япония жайында Маскот атуу түзүмдү астеродиддердин бирөөнө кондуруп, ал жактын кыртышын Жерге алып келет.

Илимпоздор астероиттерди алдына алуу оңой болбой турганын белгилеп, мындай нерселерди атом же өзөктүк куралдар катары жоготууга мүмкүн эместигин айтты.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!