Инаугурацияга кеңешпей кеткен депутат айыпталууда

Инаугурацияга кеңешпей кеткен депутат айыпталууда
11-Июль 2018, Шаршемби, 18:13

Грециянын премьер-министри Алексис Ципрас Тайип Эрдогандын ант берүү аземине катышкан Грециянын мурдагы Тышкы иштер-министри, депутат Дора Бакоянниге карата өз пикирин билдирди. Ал “Греция өкмөтүнө кеңешпестен аземге катышканы кабыл алынгыс”,-деди.

Салоник шаарында билдирүү жасаган Ципрас “2 грециялык офицер Түркияда себепсиз жана аларга карата кандайдыр бир айыптоолор жок 4 айдан бери камакта жатат. Бул учурда башкы оппозициядагы партиялардын айрым өкүлдөрү Эрдогандын ант берүү аземине, анын үстүнө Греция өкмөтүнө кеңешпей туруп катышканы кабыл алынбайт”,-деди.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!