Адам уурдоо операциясы ийгиликсиз аяктады

Адам уурдоо операциясы ийгиликсиз аяктады
30-Июль 2018, Дүйшөмбү, 17:55

Монголиянын атайын кызматы жергиликтүү мектептин директору Вейсел Акчайды уурдоону алдына алды.

Үстүбүздөгү жылдын 27-июлунда белгисиз адамдар 50 жаштагы адамды өзүнүн үйүнүн жанынан түртүп, машинага салып, Улан Батордун аэропортун көздөй жөнөгөн. Ал ортодо аба майданына Түркиянын Аба күчтөрүнө таандык экени болжолдонгон учак конгон. Монголиянын куралдуу күчтөрү учакты кармагандан бир нече саат өткөндө аба кемеси аэропорттон учуп кеткен. Ал эми Вейсел Акчайды медициналык кароодон өткөрүү максатында ооруканага жеткиришкен.

Монголиянын Тышкы иштер министрлиги окуяга өлкөнүн суверендүүлүгүн бузуу катары баа берди. Ал эми Түркия бийлиги уурулук аракетине катыштыгы бар экенин мойнуна алган жок.

Түркиянын атайын кызматынын Монголиядагы операциясы

Түркиянын Улуттук чалгындоо кызматынын 2018-жылдын 27-июлундагы Монголиядагы операциясы ийгиликсиз аяктады. Аталган кызматта иштегендер Улан-Батордо эмгектенген Түрк-Монгол билим берүү борборунун директору Вейсел Акчаяны уурдоону пландаган.

Вейсел Акчай эртең менен саат 9:00дө Улан-Батор шаарынын борборунда жайгашкан үйүнөн чыккан. Күбөлөрдүн көрсөтмөсүнө караганда түрк чалгын кызматынын төрт кызматкери Акчайды зордоп, микроавтобуска салып кеткен.

Акчайдын жубайы полицияга кайрылганда Монголиянын Борбордук чалгын башкармалыгы жергиликтүү тартип коргоо органдары түрктөр өткөргөн операциядан кабарсыз экенин аныктады.

Монголиянын укук коргоо органдары Вейсел Акчайды уурдаган атайын кызматтын эки атайын бортун борбордун аэропортунан кармаган. Буга байланыштуу Монголиянын Тышкы иштер министри түркиялык кесиптеши менен телефон аркылуу сүйлөштү. Ал эми премьер-министри Борбордук чалгын кызматынан болуп өткөндөр тууралуу тезинен маалымат топтоону талап кылган. Кийин “Адам уурдоо” беренеси боюнча кылмыш ишин козгоо тууралуу маселе каралды. Монголияны Тышкы иштер министринин орун басары Батмунх Батцэцэг суверендүү мамлекеттин аймагында Түркиянын атайын кызматынын кабыл алынгыс жүрүм-туруму тууралуу жарыялады.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!