Колумбияда белгисиз адамдар ок чыгарды

Колумбияда белгисиз адамдар ок чыгарды
31-Июль 2018, Шейшемби, 10:38

Колумбияда белгисиз мотоциклчен адамдар ок чыгарды. Кылмышкерлер бильярд клубуна унаа менен келишип, анын ичиндеги көпчүлүк адамга ок чыгарышкан. Мындан улам сегиз киши мерт кетип. Ал эми үчөө ар кайсы жарат менен ооруканага жеткирилди.

Кылмышкерлер ок чыгарган соң “Эль-Тарра” муниципалитетине жашынышкан. Бул тууралуу “El Tiempo” агенттиги кабарлады.

Окуя 30-июлда катталган. Учурда кылмышкерлер издөөдө.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!