Швецияда падышанын таажысы уурдалды

Швецияда падышанын таажысы уурдалды
1-Авг. 2018, Шаршемби, 13:58

Белгисиз адамдар тарабынан Стренгнес шаарынын эң негизги чиркөөсүнөн падышанын даражасына тийиштүү улуттук атрибуттар уурдалды. Баалуу буюмдардын ичинде падыша Карл IX өздүк таажысы жана анын жубайынынын даражасын туюндуруучу таажысы дагы болгон. Бул боюнча “Expressen” агенттиги кабарлады. Маалыматтарга караганда белгисиз эки киши тарабынан уурдалган. Алар буюмдарды алып дароо кайыкка салып качышкан.

“Бул улуттук маданияттын жетишкендиктери эле, бул жалпы швед элинин уурдагандыгы менен барабар”,-деп билдирди чиркөөнүн башчысы Кристофер Лундгрен.

Учурда полиция кызматкерлери болгон күч аракети менен издөө ишин алып барууда.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!