Мексикада кулаган учактын алгачкы сүрөттөрү

Мексикада кулаган учактын алгачкы сүрөттөрү
1-Авг. 2018, Шаршемби, 15:07

Мексиканын Дуранго штатында кулаган учакта 103 адам болгон. Учурда алардын 98и ооруканада. Алардын ичинен экөө оор абалда. Бул тууралуу Мексиканын транспорт минстри Херардо Руис Эспарса өзүнүн твитердик баракчасына билдирди.

“Aeromexico” компаниясынын учагы жергиликтүү убакыт боюнча саат төрттө учуп, абада беш мүнөт болбой жерге кулаган. Учак катуу шамалдан улам, ылдыйлап сол канаты жерге тийип кулагандыгын айтышууда. Учак Дуранго штатынан Мехикону көздөй жол тарткан.

Жергиликтүү тургундардын айтымында: ошол учурда катуу бороон болуп, жамгыр жаап жаткандыгын айтып өтүштү.


Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!