Бала эмизген аялга ичимдиктин таасири канчалык?

Бала эмизген аялга ичимдиктин таасири канчалык?
2-Авг. 2018, Бейшемби, 10:29

Австралиянын Маккуори университетинин окумуштуулары бала эмизген аялдардын ичимдик колдонуусу боюнча изилдөө жүргүздү. Изилдөө он төрт жылга созулгандыгын “MedicalXpress” агенттиги кабарлады.

Изилдөөнүн жыйынтыгы боюнча, эненин эмизүү учурунда ичимдик колдонуусу баланын акыл-эсинин өөрчүшүнө түздөн-түз терс таасирин тийгизерин билдирди. Дегенибиз, бала башка балдарга караганда акыл-эс жактан артта калат.

Ошондой эле адистер 2004-жылдан бери алкоголь колдонгон беш миң эненин балдарынан сурамжылоо жүргүзгөн. Сурамжылоонун жыйынтыгында, алкоголь колдонбогон эненин балдарына караганда, алкоголь колдонгон эненин балдары акыл-эс, ой жүгүртүү жагынан эки жылда артта калган.

Мунун себеби, бала эмизген аял алкоголь колдонгон учурда сүтүнүн түзүмү өзгөрүп, витаминдин жетишпестигинен улам болгон.

Спирт ичимдиги мээнин клеткасын бузууга алып келээрин, адистер белгилеп өттү.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!