Эбола вирусу кайрадан коркунуч жаратууда

Эбола вирусу кайрадан коркунуч жаратууда
2-Авг. 2018, Бейшемби, 15:59

Конго мамлекетинин чыгыш тарабында Эбола вирусу кайрадан жанданып, 20 кишинин өмүрүн алды. Бул тууралуу өлкөнүн Саламаттыкты сактоо министрлиги маалымдоодо.

Өлкөнүн чыгыш тарабындагы Киву провинциясынын өкүлүнүн аталган министрликке берген маалыматында дене табы көтөрүлүп ооруканага түшкөн 26 адамдын 20сы набыт болгондугу айтылат.

Эскерте кетсек, 24-июлда Конгонун Түндүк-чыгышында катталган Эбола вирусу 33 адамдын өмүрүн алган.

Эбола кантип жугат?

1) Вирусту жуктуруп алган жаныбардын этин жегенден

2) Оорулуу колдонгон идиш-аяк, буюмдардан

3) Маймыл, жарганат, чиркей, кантала жана кемирүүчүлөр да негизги оору жуктуруучулар болуп саналат


Оорунун белгилери:

1) Адамдын дене табы заматта көтөрүлөт

2) Адам өзүн алсыз сезет

3) Башы, тамагы, булчуңдар ооруйт

4) Көңүлү айныйт

5) Ич өтөт ж.б

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!