Апасы кызын хлор менен жуундурат

Апасы кызын хлор менен жуундурат
3-Авг. 2018, Жума, 10:15

Американын Висконсина штатынын тургуну Рейвен Форд кичине кызын күнүгө эки кашык хлор кошуп жуундурат. Анткени, Амелинин сейрек кездешкен генетикалык “ламелярдык ихтиоз” аттуу оорусу бар. Мындай балдардын денесин төрөлгөндө эле калың салафан менен ороп коюшат экен. Рейвен кызы төрөлгөндө куурчак сыяктуу катуу болгондугун айтат.

Амели ушундай ооруга чалдыккандыгы үчүн, кадимки самын же балдарга колдончу каражаттар менен жуундурганга болбойт. Себеби, Амелинин денеси бат кургап, канап баштайт. Анын чачы да бат сынат. Кичине кыздын тер бездери жок болгондуктан жайы менен салкын үйдүн ичинде кармашат.Оозуна болсо дайыма вазелин сүйкөп турат.

Ошентип, Рейвен кызын күнүгө эки маал жуундурат. Жуундурган соң атайын агакеректүү кремди колдонот. Апасынын айтуусунда: Амелини хлор менен жуундуру жакшы жолдордун бири. Хлор менен жуундурган соң Амели өзүн жакшы сезип калгандыгын айтат. "Албетте, бул коркунучтуу көрүнөт, бирок бул дерматологдун бизге берген кеңеши. Биз хлор менен жуундуруп гана бактерияларды өлтүрө алабыз. Эгерде, биз мындай жолду колдонбосок, анда инфекция күчөп кетиши мүмкүн",- деп айтат апасы.

Апасы Амелини жакшы карагандыгы үчүн оорусу азайып бара жаткандыгын айтат. Учурда Амелиде дени сак терилер да пайда болуп жатыптыр.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!