Полиция ооруган баланы атып өлтүрдү

Полиция ооруган баланы атып өлтүрдү
3-Авг. 2018, Жума, 12:30

Аутизм менен ооруган баланын колунда оюнчук тапанча болгон. Аны полиция кызматкерлери оюнчук экендигин билген эмес.

Швециянын Вазастан районунда полициялар текшерүү учурунда оорукчан баланы атып өлтүргөн. Бул боюнча Expressen агенттиги кабарлады.

Швециянын 20 жаштагы Даун оорусу жана аутизм менен ооруган тургуну көчөгө сейилдегени чыгат.


Стокгольмдун жашоочулары таңкы төрттө шектүү адам тапанча менен жүргөндүгү тууралуу полицияга кабар берет. Полицейскийлер келип, баладан колундагы тапанчаны жерге коюну өтүнөт. Бирок, бала тараптан эч кандай майнап чыкпагандыктан полиция кызматкерлери ага ок чыгарган.

Апасы баласы оорукчан экендигин жана бир гана “апа” сөзүнөн башка эч теке айта албастыгын айтып өттү.

Учурда полиция кызматкерлерине карата кылмыш иши козголду. Эскерте кетсек, бул Швецияда полициялардын огунан жетинчи адамдын каза табышы.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!