Шанхайда тайфун шамалы жүрдү

Шанхайда тайфун шамалы  жүрдү
3-Авг. 2018, Жума, 14:23

Шанхайда бүгүн эртең менен катуу Джондари тайфун шамалы жүрдү. Куткаруучулар 130 миң жашоочуларды коопсуз жайга көчүрдү. Бул тууралуу “AP агенттиги кабарлады.

Маалыматтарга караганда тайфун жергиликтүү убакыт боюнча саат 10:30 жүргөн. Кытайдын метеорологиясынын берген маалыматтарына караганда, тайфун айрым аймактарда 10 баллга жетиши мүмкүн. Ошондой эле, тайфундун эртеңкиге чейин азайышы күтүлүүдө. Учурда катуу жабыркагандар каттала элек.

Эскертип өтсөк, тайфун Джондари жакында эле Япониянын ортоңку жана чыгыш тарабында катталган. Жыйынтыгында 23 адам кырсык тапкан. Тайфундун эң жогорку ылдамдыгы 144 км саатка жеткен. Мындан улам Японияда авиарейстер жана поезд каттамдары убактылуу жабылган.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!