Бермуд үч бурчтугунун сыры ачылды

Бермуд үч бурчтугунун сыры ачылды
4-Авг. 2018, Ишемби, 11:14

Изилдөөчүлөр кемелердин жок болуп кетүүсүнө 30 метрге чейин көтөрүлгөн толкундар себеп экенин аныкташты. Бул тууралуу “korrespondent.net” сайты маалымдайт.

Саутгемптон университетинин окумуштуулар тобу Бермуд үч бурчунда кемелердин жоголуу себебин түшүндүрүштү. Адистердин айтуусу боюнча, кемелердин жоголуп кетиши толкундар менен байланыштуу. Алар болгону бир нече мүнөттүн ичинде кемени толугу менен сууга чөктүрүп жебериши мүмкүн.

Мындай толкундар эң биринчи 1997-жылы тиркелген эле. Алардын кайдан келери азырынча белгисиз. Ошентсе да, кыйратуучу күчтөргө ээ экени анык. Адистер мындай токтомго келгенден мурун, тажрыйба иштерин жүргүзүшкөн экен.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!