Сауд Арабияда кар жаады

Сауд Арабияда кар жаады
4-Авг. 2018, Ишемби, 12:26

Сауд Арабиянын Хамис Мушайт шаарына кар жаады. Андагы көрүнүштөр социалдык медиага тарады.

Сауд Арабиянын Асир аймагында жайгашкан Хамис Мушайт шаарында башталган нөшөр карга айланды. Чөл климаты болгон өлкөдө жааган кар жашоочуларын таң калтырды.

Жарандар болсо карга капталган көчөлөрдөгү көрүнүштөр социалдык медиада бөлүштү.

Провинциянын бийлиги аба ырайынын шарттарынан улам айдоочуларга этият болууга чакырды.


Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!