Президент кол салууда аман калды

Президент кол салууда аман калды
6-Авг. 2018, Дүйшөмбү, 14:11

Армия боюнча уюштурулган иш-чарада сөз сүйлөп жаткан Венесуэланын президентине кол салуу болду. Бактыга жараша ал жаракат алган эмес.

Окуя болгон аймакта аттарын атагысы келбеген үч өрт өчүрүүчү айланадагы бир үйдүн газы жарылганын, Мадурого кол салуу аракети деген кептерди өкмөт ойлоп тапканын айткан.

“Associated Press” агенттиги окуя болгон аймакта бир үйдүн чатырынан чын эле түтүн чыгып жатканын жазган.

Катаал экономикалык кризисти башынан өткөрүп жаткан Венесуэлада 4-августа кооптуу окуя катталды. Анда бомба жүктөлгөн айдоочусу жок унаа аркылуу өлкө башчысы Николас Мадурого кол салуу аракети болгон. Ал учурда президент Каракас шаарындагы салтанатта сөз сүйлөп жаткан.

Байланыш министри Хорхе Родригес Мадуро бутага алынгандыгын тастыктап, 7 аскер жарат алганын билдирди. Түз эфирдеги көрсөтүүлөрдөн Мадуро жана аскер кызматкерлери сүйлөшүп жатканын, кыска мөөнөттөн кийин аскерлерддин тополоңго түшкөнүн көрүүгө болот.

Мадуродон алгачкы билдирүү келди
Болгон окуялардан кийин маалымат каражаттары аркылуу Мадуро элге кайрылуу жасады. “Мени өлтүрүү аракети болду. Кол салууга жоопкерлердин айрымдары кармалды. Ушул мезгилге чейинки топтолгон далилдер кол салууну “ашыкча оңчулдар” тарабынан уюштурулганынан кабар берет”,-деген Мадуро көп сандаган венесуэлалыктар жашаган Колумбия жана АКШ бул иштердин артында турганын белгиледи.

“Айтылгандар абсурд”
Ачкачылык, инфляция, миграция сыяктуу экономикалык көйгөйлөргө кабылган Венесуелада Мадуро май айында өткөн шайлоолордо 6 жылдык мөөнөткө өлкөнү башкаруу укугуна ээ болгон. Анын Колумбияга карата айтылгандары боюнча расмий билдирүү жасала элек. Болгону Колумбия өкмөтүндөгү кызматкерлердин бири айтылгандарды “абсурд” деди.

2014-жылдан бери кризисте
OPECке мүчө Венесуэла бир мезгилдерде социалистик экономикасы менен мактанган мамлекет болгон. 2014-жылы мунайдын баасы арзандап ошондон бери өлкө кыйын күндөргө туш келди.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!