Санкциялар 1 миллион адамды жумушсуз калтырат

Санкциялар 1 миллион адамды жумушсуз калтырат
7-Авг. 2018, Шейшемби, 12:46

АКШнын президенти Дональд Трамп өзөктүк макулдашуунун алкагында Иранга киргизилген санкциялардын алгачкы бөлүмү Вашингтон сааты менен 00.01де күчүнө кирди.

Санкциялардын топтомунда жана бул бөлүмдө Ирандын алтын, алюминий, болот, көмүр сыяктуу баалуу кен байлыктарды, металлдарды, жүргүнчү учагын импорттоого бөгөт коюлган.

Айрыкча чет элдик ишканалардын Ирандын авто унаа тармагына кирүүсүнө, өлкөнүн кол өнөрчүлүгүнө таандык килемдерди, мисте сыяктуу азыктарды АКШга экспорттоого тыюу салынган.

"Санкциялардын айынан 1 миллион адам жумушсуз калат”

Энергетика тармагын камтыган экинчи бөлүмү 5-ноябрда күчүнө кирет. Анда санкциялар акыркы айларда кризистин босогосунда турган Иран экономикасына зыянын тийгизери болжолдонууда.

Ирандын Эмгек министри Али Рехби санкциялардан улам болжол менен 1 миллионго жакын ирандыктар жумушсуз калышы мүмкүн экенин белгиледи. Ошондой эле АКШнын бир тараптуу бул кадамы өлкөсүнө каржылык зыян тийгизерин кошумчалады.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!