Сейрек патология: Ымыркай тиши менен төрөлдү

7-Авг. 2018, Шейшемби, 13:39

Англияда ымыркай төрөлгөнүнөн 12 күн болгондо тиш доктурга барган сейрек окуя катталды. Стоматологго кайрылууга кыздын бир тиши менен төрөлгөнү себеп болгон. Ошентип бул ымыркай Плимут шаарындагы стоматологдун эң кичине бейтабы катары катталды.

Тиш доктур анестезия баланын өмүрүнө коркунучтуу экенин айтып, тишти суруурда бүйлөгө ооруну басаңдатуучу май сүйкөгөн. Аны чыдап карап тура албастыгын аткан эне стоматологдун бөлмөсүнөн чыгып кеткен.

Статистикалык маалыматтарга караганда мындай учур эки миң ымыркайдын бирөөсүнөн кездешиши мүмкүн.

Мындай тиштер тамыры жакшы өөрчүбөгөндүктөн көбүнчө бош болот. Дарыгерлер аны убагында алып салууну туура көрүшөт. Анткени бош тиш сүт эмүүдө тоскоолдук жаратып, ал тургай жутулуп кетиши толук мүмкүн.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!