Трамп коркутту: Mercedes чечим чыгарды

8-Авг. 2018, Шаршемби, 12:08

Дүйнөгө белгилүү унаа өндүрүүчү “Mercedes” ишканасы АКШ экономикалык санкцияларды киргизгенде Иран менен болгон бардык ишмердиктерин токтотконун жарыялады.

Компаниянын маалымат катчысы “AFP” агенттигине берген билдирүүсүндө “Иранда ансыз да чектүү болгон ишмердиктерибизди санкциялар күчүнө кирери менен токтоттук”,-деген.

АКШнын президенти Дональд Трамп Иранга карата санкциялар боюнча “Twitter” тармагында билдирүү таркатты. “Экономикалык санкциялар башталды. Бул ушул мезгилге чейин киргизилгендердин эң катаалы. Ноябрь айында бул санкциялар дагы бир баскычка жогорулайт. Иран менен иштешкендер АКШ менен иштеше албайт. Мен дүйнөгө тынчтыкты каалайм!",-деген.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!