​JCR: “Түркия төлөм кризисине кабылышы мүмкүн”

​JCR: “Түркия төлөм кризисине кабылышы мүмкүн”
8-Авг. 2018, Шаршемби, 16:45

Түркия АКШ менен болгон кризистен улам валюта курсу жолдон чыгып жатканда Япониядагы насыялардын деңгээлине байкоо салган “JCR” уюму билдирүү жарыялады. JCR уюму АКШ тарабынан Түркияга карата киргизилген азырынча символикалык делген санкциялар уланса жана кеңейсе Түркия экономикасы төлөө кризисине кабылышы ыктымалдыгын белгилеген.

“Түркия негизги муктаждыктарын толугу менен батыш базарларынан тышкары калган өлкөлөрдөн толтурууга мүмүкүнчүлүгү жок”,-делген билдирүүдө “Айрыкча жергиликтүү ишканалардын тышкы карыздарын каржылоодо жардамчы келүү жагынан Борбордук банктын мүмкүнчүлүгү чектелүү. Батыштан тышкары мамлекеттерден жеткиликтүү деңгээлде насыя алуу мүмкүнчүлүгү төмөн”,-деген сүйлөмгө орун берилген.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!