Россиядагы метеориттен белгисиз зат табылды

Россиядагы метеориттен белгисиз зат табылды
8-Авг. 2018, Шаршемби, 17:22

Жүргүзүлгөн изилдөөлөрдүн жыйынтыгында Россиянын түштүгүнө түшкөн метеориттен Жер жүзүндө жок, жаңы минерал табылды.

Сибирдин Уакит аймагынан табылган метеориттеги минералга “уакитите” деген аталыш берилди.

Негизинен эки жыл мурда асман телосуна байланыштуу изилдөөдө таштагы сары зат алтын эмес экендиги аныкталган. Жаңы минерал алмаздан да катуу экени белгилүү болгон.

Бул тууралуу кеңири маалымат топтоо үчүн изилдөө иштери уланууда.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!