Министрдин бир сөзү 20 миллиард доллар чыгым кылды

Министрдин бир сөзү 20 миллиард доллар чыгым кылды
10-Авг. 2018, Жума, 12:32

Канаданын Тышкы иштер министри Христя Фриланддын “Твиттер” тармагындагы бир сүйлөмү 20 миллиард долларлык чыгымга учуратты.

Фриланддын Сауд Арабиянын коопсуздук кызматтарын айрым адам укуктары боюнча активисттерди бошотууга чакырыгы Канада-Сауд Арабия кризисине себеп болду. Андан улам саудиялыктар Канададан сатып ала турган 928 даана “Light Armoured Vehicles-LAV” аттуу куралдын тапшырыгынан баш тартты.
“Web Tekno” сайтынын маалыматына караганда саудиялыктардын аталган тапшырыктан баш тартканы Канаданын 15 миллиард долларлык кирешеден куру калуусуна себеп болгону белгиленет. Өндүрүш баскычында болгон LAVдардан тышкары бул сүйлөмдүн айынан 2 миң 470 адам иштен кетишине себеп болору болжолдонууда.
Сауд Арабия соода мамилелерин тоңдуруу чечими менен бирге Канадада мамлекеттик стипендия менен билим алган саудиялык студенттердин өлкөдөн чыгарын, бул сыяктуу программаларга катталгандарды башка мамлекеттерге которуу боюнча пландар тезинен даярдалары билдирилген.
Саудиялык студенттер Канададагы студенттердин коомчулугу жагынан 6-орунда турган. Ошондой эле өлкөгө материалдык салымы 500 миллион долларга жеткен.
Саудия кабар агенттиктеринин расмий билдирүүлөрүнө караганда Кошмо штаттар жана Канададагы Саудия саламаттык Аташеси Доктор Фахд бин Ибрахим Ал Тамими, Сауд Арабия Канададагы бардык медициналык ишмердиктерди токтотконун жарыялады.

Европалык эгин соодасы менен алектенгендер расмий тапшырмалардын негизинде Сауд Арабия Дан уюму Канададан буудай жана арпа импорттоону токтоторун белгилеген.

Канаданын статистикалык мекемесинин маалыматтарына караганда Канада менен Сауд Арабиянын ортосунда соода көлөмү 4 миллиард доллар. Эксперттердин пикирлерине ылайык эки өлкө ортосундагы кризис LAV тапшырыктарынан баш тартылганын эсепке алганда Канада үчүн 20 миллиард долларга чыгым болот. Бул көрсөткүчтөрдөн улам адистер чочулашууда.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!