Bloomberg: Түрк лирасынын наркы жогорулады

Bloomberg: Түрк лирасынын наркы жогорулады
10-Авг. 2018, Жума, 18:44

Түркия экономикасына байланыштуу анализдер уланууда. “Bloomberg” сайтындагы кабарда “Түркия базарларынын чөгүүсүн токтотууга аракет кылып жатса, Түрк лирасы жогорулады” деген жазуулар орун алды.

“Америка менен бузулган мамилелер жана көзөмөлдөн чыккан инфляция Түркиянын базарларынын чөгүүсүнө тоскоол болуучу пландарына каршы чыкты жана Түрк лирасында рекорддук көрсөткүчтө төмөндөө болду. Доллар өткөн жумада 13.5 пайызга төмөндөп, түрк лирасынын бардык мезгилдердеги эң төмөнкү чеги болгон 6.3005ге жетти. Мына ушундайча түрк лирасы 2008-жылдагы каржы кризисинде байкалган эң төмөнкү чекке келди.

Ал эми элдин көөнү президент Режеп Тайип Эрдогандын бул темага байланыштуу коомчулукка кайрылуусуна жана күйөө баласы Казына жана каржы министри Берат Албайрактын маалымат жыйынына бурулду.


Өкмөт өткөн бейшембиде өсүштү 5.5 пайыздан 4 пайызга артка алды. Бул чечим жетекчилердин 880 миллиард доллардык экономиканын өткөн аптадагы Америка санкцияларынан кийин келип чыккан зыяндарды жоюу үчүн чара көрүү аракети болгонуна байланышкан белги. Бирок бул кадам да инвесторлордун тынчын кетирүүдө.

Лондондогу “BlueBay” каржы ишканасынын адиси Тим Аштын оюу боюнча инвесторлор дале тынчсызданууда.


“Жакшы максаттарынын болгону жакшы нерсе. Бирок Борбордук банкынын 5 пайыздай инфляциясын көздөп турат. Бирок аны он жылдан бери кармай албай жатышканын эстен чыгарбоо керек”,-деди.


Өсүш көрсөткүчүнүн төмөн кармалып турушу Эрдогандын IMF жана Ортоңку Чыгыштын бул эң чоң экономикасы ашыкча кызып бара жатканын эскерткендер менен түшүнбөстүктөр болду. Мамлекетке караштуу Анадолу агенттиги Эрдогандын түркиялыктардын санаркабоого чакырганын кабарлады.

Лондондогу “TD Securities” ишканасынын өнүгүп жаткан базарлар стратегиясынын директору Кристиан Маггио “Борбордук банк кийлигишпесе бул кризисти токтотуу мүмкүн болбойт”,-деди. Маггио Түрк лирасынын чөгүүсүнө тоскоол болуу үчүн бул чектин төрт баскычта аз дегенде 30 пайызга чыгарылышы керектигин айткан.

Борбордук банктын кийинки жыйыны 13-сентябрда өтөт.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!