Ичкилик ичпеген студенттерге бекер үй берилет

Ичкилик ичпеген студенттерге бекер үй берилет
15-Авг. 2018, Шаршемби, 17:25

Британияда Манчестер университетинин жетекчилиги алкоголь колдонбогон жана эң төмөнкү чекте колдонгон студенттерге уктоого жана сабак окууга ыңгайлуу бөлмө берерин билдирген. Мындай тынч жайлар шаардын борборундагы Виктория Паркынын жанындагы көп кабаттуу үйлөрдө даярдалган.

Бул жайлар менен студенттер бекер камсыз болот жана ал жакта түрдүү кечелерди өткөрүүгө тыю салынат.

“Алар 100 пайыз ичпейт деген кепилдик жок. Эгер ичкиси келсе башка жайларга барышы керек. Тынч бөлмөлөр көбүнчө окууга олуттуу мамиле кылгандарга керек”,-деген университеттин жетекчилиги.

Белгилей кетсек, Улуу Британия дүйнөдө алкоголду көп колдонгон мамлекеттердин катарына кирет.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!