Велосипедчен доктурлар бекер дарылаганга жөнөдү

Велосипедчен доктурлар бекер дарылаганга жөнөдү
17-Авг. 2018, Жума, 13:36

16-августта Монголиянын батышындагы Ховдо аймагында жайгашкан дартты аныктоо жана дарылоо борборунун 4 дарыгеринин вело саякаты башталды. Алар 500 чакырым жол басат.

Мындай сапардын башкы максаты өлкөнүн алыскы аймактарынын элине медициналык жардам көрсөтүү болуп саналат.

Сергек жашоого үгүттөгөн вело топто невролог Ц.Гэрэлт-Од, хирург Г.Шижир, травматолог Д.Мунхбат жана анестезиолог-реаниматолог М.Эрдэнэбаяр бар. Бул саякатка дарыгерлер бир жыл даярданышкан.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!