Путин жана Си Цзиньпин куймак даярдады

Путин жана Си Цзиньпин куймак даярдады
12-Сен. 2018, Шаршемби, 16:22

Россиянын президенти Владимир Путин жана Кытай Эл Республикасынын президенти Си Цзиньпин Чыгыш экономикалык форумунда жолугушкандан кийин “Алыскы Чыгыш көчөөлөрү” аттуу көрсөтмөгө барды. Ал жакта "Россиянын деңиз продуктылары жана орус рыногу" аттуу павильондо президенттер куймак даярдап жешти.

Өлкө башчылары өздөрү даярдаган куймактарга кызыл жана кара икра кошуп жешти. Путин аны даярдоодо кытайлык кесиптешинин жөндөмүнө баа берди. Андан соң Путиндин сунушу менен арактан уурташты.

Иш-чарада балык иштетүүчү жайдын курулушу, жаңы балык уулоочу кеме жана бул сыяктуу башка экономикалык долбоолор сунушталды.

Владимир Путин Владивостокто өткөн “Чыгыш экономикалык форумунда” Россия жана Кытай саясат, коопсуздук жана коргоо тармагында ишенимдүү мамиле түзгөнүн белгилеген путин “Орус-Кытай мамилелерине жеке өзүңүз көңүл бурарыңызды билем. Сиз менен дайыма байланыштабыз. Сизди Россияда тосуп жатканыма кубанам”,-деди. Ал эми Си Цзиньпин “Сиз менен пикир алышып турууга жана жакын координацияда болууну улантууга даярмын”,-деди.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!