Дүйнөдөгү эң популярдуу авиа каттам аныкталды

Дүйнөдөгү эң популярдуу авиа каттам аныкталды
14-Сен. 2018, Жума, 12:33

Эксперттер дүйнөдөгү эң популярдуу авиа каттамды аныктады. Бул Сеул-Чеджу экенин “Routes” авиаиндустрия порталы жазды. Статистика боюнча өткөн жылы бул багытты 13,5 миллион адам колдонгон.

Чеджу шаары Чеджудо аралында жайгашкан. Ал кумдуу жээктери жана вулкандык пейзаждары менен белгилүү. Күн сайын ал жакка 180 каттам болуп, алардын аралыгы сегиз мүнөттөн.

Авиарынок АКШда жакшы өнүккөнү менен рейтингде Азия жана Тынч океан аймактары алдыда турат. Мисалы эл аралык эң популярдуу авиа каттам Гонконг-Тайвань-Таоюань болуп саналат. 2017-жылы анын кызматынан 6,7 миллион адам пайдаланган.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!
КӨП ОКУЛГАНДАР