Бороон 100 миң тургундун жарыгын өчүрөт

Бороон 100 миң тургундун жарыгын өчүрөт
14-Сен. 2018, Жума, 15:09

АКШда күтүлүп жаткан “Флоренция” бороону алып келген катуу нөшөр аймакта таасирин тийгизе баштады. Ишемби күнгө болжолдонуп жаткан шамалдын ылдамдыгы саатына 128 чакырымга жетери, океанда андан улам пайда болгон толкундар 4 метрге көтөрүлөрү кабарланды.

Соода жайлары, бензин куючу станциялардын көбү жабылган Нью-Берн шаарында ачык дүкөндөрдө соода кылууга кезек күткөндөрдүн саны арбын.

Аймактын бир бөлүгүн океандан келген толкундардан улам суу каптаган.

Түштүк Каролина штатына карашуу Мертл-Бич шаарында кечкисин 19.00дөн баштап 12 саатка көчөгө чыгууга тыю салынды.

Энергетика ишканалары 1 миллиондой турак жай жарыксыз каларын болжолдоодо.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!