Назарбаев: Жарандыктан ажыратуу террорчулукту алдын алат

11-Апр. 2017, Шейшемби

Президент Нурсултан Назарбаев өлкө жарандыгынан ажыратуу элди террордук уюмдарга кирүүдөн сактай тургандыгын “Мир” телекомпаниясына берген маегинде айтты.

“Мыйзамга ылайык биздин жаран өлкөдөн чыгып, кайсы бир террордук топтун катарына кошулса ал кайра мекенине кайтпайт. Жарандыгынан дароо ажырайт. Бул чара аргасыздан киргизилди. ИЛИМде учурда 500-600 казакстандык бар, ал эми мурдагы Советтер Союзу боюнча беш миңден көп. Биринчи кезекте элдер террорчулардын катарын толуктабагыдай чараларды көрүү керек”,-деди ал маегинде.

Казакстандын президенти өлкөсүн кайтып келгендерге профилактикалык иштер жүргүзүлгөнү менен жыйынтык чыкпагандыгын айтты. “Андыктан алардын үйүнө келүүчү жолду толугу менен жабуу чечимин кабыл алдык”,-деди Назарбаев.

Буга чейин Казакстандын Конституциясына толуктоо киргизилген. Ага ылайык терроризм боюнча соттун чечими чыккандар жана өлкөнүн кызыкчылыгына зыян келтиргендер жарандыгынан ажырайт.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!