Пулитцер сыйлыгынын ээлери аныкталды

11-Апр. 2017, Шейшемби

Нью-Йорктогу Колумбия университети Пулитцер сыйлыгынын лауреаттарын жарыялады.

“Коомчулукка кызматы үчүн” номинациясына “The New York Daily News” жана “ProPublica” басылмалары татыктуу деп табылды. Алар полиция кызматкерлеринин кызматтык укуктарынан ашыкча пайдаланганын ашкерелеген.

Ал эми “Мыкты журналисттик иликтөө” номинациясы Батыш Виргиниядагы баңгизатынын аткезчилигинин бетин ачкан “Charleston Gazette-Mail” басылмасынын журналистине ыйгарылды.

“Түшүндүрмө журналистика” номинациясына Паракорчулук жана уюшкан кылмыштуулук боюнча борбор (OCCRP) жана “The Miami Herald” гезитинин Панамадагы офшорлор боюнча жазган макалалары татыктуу болду.

Пулитцер сыйлыгынын “Эл аралык репортаж” номинациясы Владимир Путин боюнча жазган “The New York Times” гезитинин журналисттерине берилди. Ал эми президент Дональд Трамптын кайрымдуулук иштерин иликтеген “Washington Post” гезитинин журналистти Дэвид Фарентхолдго Пулитцер улуттук сыйлыгы ыйгарылды.

Кабарларды ыкчам чагылдырганы үчүн “East Bay Times” гезитинин журналисттери сыйланды. Алар өткөн жылдын декабрь айында Калифорния штатындагы Окленд шаарында кампанын имаратында өтүп жаткан кечеде чыккан өрттү кабарлашкан.

Мыкты көркөм сүрөтү үчүн “Chicago Tribune” гезитинин журналистти Жейсон Уэмбсганс сыйланды. Ал Чикагодогу атышуудан аман калган 10 жаштагы баланын тагдырын чагылдырган.

Пулитцер адабият, журналистика, театр, музыка тармагында ыйгарылчу АКШдагы эң абройлуу сыйлык болуп саналат. Бул жылы 21 номинация боюнча сыйлыктар берилди. Жалпысынан үч миңден ашык чыгарма көрсөтүлсө, алардын бир миң эки жүзү журналисттик эмгектер болуп саналат. Эки жүздөн ашыгы музыкалык композициялар болсо, бир миң беш жүзүн адабий чыгармалар түздү.
Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!