Чачтарачтарга чач боего тыюу салынды

Чачтарачтарга чач боего тыюу салынды
25-Сен. 2018, Шейшемби, 18:00

Түркмөнстандын борбору Ашхабад шаарындагы чач тарачтары жана сулуулук салондору эркектердин чачын боену токтотту.

Элиталык салондун кызматкери шаардык прокуратуранын өкүлү жетекчисин өзүнчө чакырып кеткенин айткан. Анда эркектердин, өспүрүм балдардын чачын боего, түрдүү сүрөттөрдү тарттырууга болбой турганы айтылган. Эч кандай кат түрүндө эмес эле, жогорку жактан тапшырма берилгенин оозеки билдирген.

Мындай тапшырмалар борбордогу бардык салондорго берилген.

Эркектердин арасында чач бое Ашхабадда бир жыл мурда кеңири таралган. Буга чейин мындай кызматтан чет элдик компаниялардын өкүлдөрү, дипломаттар, тренерлер, диджейлер жана музыканттар пайдаланган. Кийин мамлекетик мекемелердин кызматкерлери келе баштаган.

Маалымат каражаттары мындай чектөөнү дайыма чачын боеп жүргөн президент Гурбангулы Бердымухамедовго байланыштырууда.

Өлкө башчысы ак чачтарын он жылдан бери боеп жүрсө, жайдан бери эл алдына ак аралаш чачы менен чыга баштаган.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!