Трамп: Си Цзиньпин менен жолугушуу ийгиликтүү болду

12-Апр. 2017, Шаршемби

АКШнын президенти Дональд Трамп Кытайдын төрагасы Си Цзиньпин менен телефон аркылуу сүйлөшүүсү жана буга чейинки жолугушуусу абдан ийгиликтүү болгонун айткан. Ошондой эле жакында Кытайга иш сапары менен барарын Кытайдын борбордук телеберүүсү кабарлаган.

“Мен Си Цзинипинди Мар-а-Лагодо кабыл алганыма абдан кубандым. Бул жолугушуу абдан ийгиликтүү өттү. Эки лидердин ортосунда тыгыз байланыштын болуусу абдан маанилүү жана Кытайга иш сапары менен барууга үмүттөнүп жатам”,-деген Трамп телеканалда сүйлөгөн сөзүндө.

Эскерте кетсек, Си Цзиньпин жана Дональд Трамп 6-7-апрелде Флорида шаарында жолугушкан.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!