АКШ Корей жарым аралына кемелерди жөнөттү

12-Апр. 2017, Шаршемби

АКШнын президенти Дональд Трамп Корей жарым аралынын жээгине кемелерди жибергенин “Fox Business” телеканалына берген маегинде билдирди.

“Бизде суу астында жүрүүчү кемелер бар. Ал учак ташуучу кемелерге караганда абдан күчтүү экенин айткым келет”,-деген Трамп. Ошондой эле ал Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ын туура эмес кылып жатканын айтты. "Ким Чен Ындын психикалык абалы жакшыбы?" деген суроого АКШнын президенти аны билбей турганын, жакындан тааныбаганын билдирди.

Буга чейин АКШ Корей жарым аралына “Карл Винсон” баш болгон учак ташуучу кемелердин тобун жөнөткөн. Анда жетимишке жакын аскердик учактар, тик жана май куючу учактар, бир нече жабдыктары менен жүктөлгөн. Ошону менен бирге “Lake Champlain” (CG-57) ракеталык крейсер жана эсминецтер, алдына ала байкоочу "Иджис" системасы менен жабдылган түзүмдөр жиберилген.

Корея согушу 1950-1953-жылдары толугу менен аяктаган эмес. Бүгүнкү күнгө чейин эки тараптан тең тынчтык келишим түзүлгөн эмес жана Түштүк Кореяда АКШ өзүнүн 28 миң аскер күчтөрүн кармап турат.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!