Пентагонго ууланган пакеттер келди!

Пентагонго ууланган пакеттер келди!
3-Окт. 2018, Шаршемби, 11:00

АКШнын Коргоо министрлигине (Пентагон) уулуу заттар камтылган пакеттер жиберилгени билдирилди.

Пентагондун маалымат катчысы полковник Роб Мэннинг жазуу жүзүндөгү билдирүүсүндө “Дүйшөмбү, 1-октябрда Пентагондун күзөт агенттиги сканерлөө учурунда шектүү затты аныктаган. Конверттер текшерүү үчүн ФБРге (Федералдык иликтөө борборуна) жеткирилди”,-деген.

Полковник Роб Мэннинг АКШнын почта кызматы аркылуу Пентагонго келген бардык неселер карантинге алынгандыгын кошумчалаган.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!