5-кабаттан ыргытылган ымыркай аман калды

5-кабаттан ыргытылган ымыркай аман калды
3-Окт. 2018, Шаршемби, 15:14

Таиландда бешинчи кабаттагы терезеден кулаган жаңы төрөлгөн ымыркайды банандын жалбырактары сактап калды. “Daily Mail” басылмасынын маалыматына караганда жалбырактар жерге акырын түшкөнгө себеп болгон.

Окуя Самутпракан провинциясында 1-октябрда катталган. Жергиликтүү тургундар үйдүн артындагы банан өскөн жерден баланын ыйлаганын угушкан. Дубалдан өтүп караганда ал жактан киндиги кесиле элек жаңы төрөлгөн кызды табышкан. Ал өлүмдөн сактап калган тытылган жалбырактардын арасында жаткан. Ымыркай эч кандай жаракат алган эмес. Учурда ооруканада.
Полиция баланы энеси терезеден ыргыткан деп болжолдоодо. Коңшулары банан бактары өскөн тараптагы терезеси ачык бөлмөдө кош бойлуу жаш кыз жашаганын айтышкан. Полиция кызматы ымыркайдын энесин издөөгө алды. Ал адам өмүрүнө кол салуу беренеси боюнча айыпталышы мүмкүн.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!