Жер титирөөдөн кийин вулкан атылды

Жер титирөөдөн кийин вулкан атылды
3-Окт. 2018, Шаршемби, 16:55

Индонезиянын Сулавеси аралында жайгашкан Сопутан жанар тоосу атылды.

Киодо агентинин Индонезиянын Вулканология жана Геологиялык кырсыктарды азайтуу борборуна таянып жазган кабарына ылайык 1 миң 800 метр бийиктиктеги Сопутан жанар тоосу жергиликтүү саат 08.47де атылган. Ал бүрккөн күл жана туман 4 чакырым бийиктикке чыккан. Жоготуулар болуп болбогону азырынча белгисиз.

Индонезиянын Сулавеси аралында 28-сентябрда болгон жер титирөөдөн, ага удаа суу ташкынында көз жумгандардын саны эки миңге жакындады.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!