Тартип бузган окуучулар үчүн милиционерлер жазаланды

Тартип бузган окуучулар үчүн милиционерлер жазаланды
4-Окт. 2018, Бейшемби, 09:59

Душанбеде ИИМ башкармалыгынын 17 кызматкери убагында мектеп окуучулары тарабынан жасалган мыйзам бузуулардын алдын албаганы үчүн дисциплинардык жазага тартылды. Шаар бийлигинин тапшырмасы боюнча 1-сентябрдан тарта ар бейшемби күнү 500дөн ашык тартип сакчысы 140 мектепти жана башка окуу жайларды кайтарууга алышкан.

"Тартип сакчылары окуу жараянына жана окуучулардын жүрүм-турумуна көз салып турушу керек болчу, бирок окуучулар административдик мыйзам бузууларга жана кылмыш иштерине барышкан", - деди Тажикстан ИИМиндеги өз булак.

Душанбе шаарынын төрагасынын токтомуна ылайык, кылмыш иштеринин жасалышына жол берген милиционерлерди жумуштан бошотууга чейинки жаза чаралары каралган.

Мугалимдер ким эмне себептен окууга келбегени жана окуу жараянындагы тоскоолдуктар тууралуу жума сайын отчет берип турууга милдеттендирилген.

Душанбе шаардык ИИМ башкармалыгынын башчысы Шариф Назарзода быйыл 10 миңден ашуун өспүрүм мыйзам бузууларга барганын маалымдады.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!
КӨП ОКУЛГАНДАР
Орток декларация: Укуктун үстөмдүгүн талап кылабыз
Орток декларация: Укуктун үстөмдүгүн талап кылабыз
Милиция кызматкери башында турган кылмыштуу топ пара менен кармалды
Милиция кызматкери башында турган кылмыштуу топ пара менен кармалды
«Сулайман-Тоо» комплексинин макамынын сакталышы көзөмөлгө алынат
«Сулайман-Тоо» комплексинин макамынын сакталышы көзөмөлгө алынат
​Месси “Дэвис Кубогунун” инвесторлорунун бири болду
​Месси “Дэвис Кубогунун” инвесторлорунун бири болду
Уруксаты жок туристтер Эверестке чыга албайт
Уруксаты жок туристтер Эверестке чыга албайт
​Футболчу оюн учурунда каза болду
​Футболчу оюн учурунда каза болду
Казак журналисти текебер шаардыктарга нааразы болду
Казак журналисти текебер шаардыктарга нааразы болду
Дубалдын айынан өзгөчө кырдаал кирет
Дубалдын айынан өзгөчө кырдаал кирет
Калдык сактагычтарды рекультивациялоо маселеси талкуулады
Калдык сактагычтарды рекультивациялоо маселеси талкуулады
Куудулдар Ысык-Көлдүн элине күлкү тартуулашат
Куудулдар Ысык-Көлдүн элине күлкү тартуулашат
​Футболчуну акыркы сапарга узатуу зыйнаты өтөт
​Футболчуну акыркы сапарга узатуу зыйнаты өтөт
Айпери Кубик кызы президент тууралуу түшүн жорутууда
Айпери Кубик кызы президент тууралуу түшүн жорутууда
​Көк-бөрү боюнча эл аралык мелдештердин эрежеси өзгөрдү
​Көк-бөрү боюнча эл аралык мелдештердин эрежеси өзгөрдү
Рыскелди Момбеков: “Бийлик миң кишинин үйүн сүрдүрө албайт” (видео)
Рыскелди Момбеков: “Бийлик миң кишинин үйүн сүрдүрө албайт” (видео)
​Лев Яшин тарыхтын мыкты дарбазачысы аталды
​Лев Яшин тарыхтын мыкты дарбазачысы аталды
Путин манжасын оорутуп алды
Путин манжасын оорутуп алды